Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жогорку Кеңештин депутаты оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө уруксат берүүнү сунуштады

09.02.2022 16:03
8434
Жогорку Кеңештин депутаты оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө уруксат берүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова Кыргызстанга алынып келинген оң рулдуу унааларды каттоодо өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.


Анын айтымында, жол кырсыктарынын чыныгы себеби жол эрежесин билбегендиктен болууда.


"Жол кырсыктары оң рулдуу унаалардан улам болуп жатат деп оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө тыюу салышкан. Бирок  статистикага таянсак андай болгон жок. Ошондуктан автоунаа ташуучулар азыр Абхазия, Грузия жана Армениядан ташууга мажбур. Ал эмм эми ал унааларды каттодон өткөрбөй дагы көйгөй жаратууда. Ошондуктан оң рулдуу унааларды өлкөгө алып келүүгө уруксат бериш керек",- деди депутат Султанбекова.


Экономика министри Данияр Амангелдиев бул боюнча Министрлер кабинети аталган маселени карай турганын билдирди.


Пикирлер (54)

Коопсуздук коду
Акылбек
Туура 2017жыл чыккан автоунаалардан баштап ташылса жакшы болмок.
Майрамбек Мырзалиев
Мен дагы колдойт элем
Нурлан
Туура, без жылдан бери Жапондон авто келбей эскирди өзүбүздө. Орусия алып киргизип турат, өздөрү да чыгарып жатат. Эгемендү болсок өзүбүс эчкимди карабай киргизиш керекпиз.
Канатбек Канат
Туура орустун чириген машинасы на караганда 100% жакшы
Нурланбек
Толук колдойм