Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 09:58
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат, - экс-элчи

14.09.2020 13:20
16466
Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат, - экс-элчи


Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу "Правда.ру" порталына Кыргызстандын Россиядагы мурунку элчиси Раимкул Аттакуров билдиргенин Tengrinews.kz. жазды. 


"Тарыхый тагдыр бизди чогуу болууну алдын-ала аныктап койду. Биз көптөгөн кылымдар бою бирге болдук. Биздин жалпы тарыхыбыз жана узак мөөнөттүү келечегибиз бар. Азыр көпчүлүк кыргыздар Россиянын курамына кирүү үчүн Россия Федерациясына кайрылууну ойлоп жатышат", - деген Аттакуров.


Ошондой эле, ал Кыргызстан мурунку Советтер Союзундагы орус тили расмий, конституциялык тил статусуна ээ болгон жалгыз өлкө болуп саналганын кошумчалады. 


"Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинде болушу көптөгөн багыттар боюнча оң таасирин тийгизип жатат. Россияда медицина  дагы жакшыраак, жумуш таап, жакшы маяна алуу мүмкүнчүлүгү жогору", - деди ал. 

Пикирлер (88)

Коопсуздук коду
Абдукерим.Турдубеков.
Акмак чимкирик, маңкалар, Кыргызстанды талап тоноп жеп, эми кайра башка мамлекетке күн карама кылганы жатасыңарбы, акылыңар жетип өнүктүрө албадыңар, бүт жөргөмүштүн желесиндей чиелешкен коорупция, иштечүлөрдү түрмөгө камап өзүңөр дагы эле тое элексиңер, напсиңер тойбогон да акылыңар эч нерсеге жетпеген да намысы жок мите курттар экенсиңер, напсиңерге алыңар жетип жок дегенде кетип жок болсоңор эмне, акыркеттен коркпойсуңар же.
Мусаев. Мухтар
Эн туура. ,антпесек Кытайга Кул болобуз келечек муун жегичтердин аркасынан!
Махамаджанова
Мен россия курамына кирүү боюнча макул болоюндар чем кытайга кул болгуча
Айнура
Бизден чечкиндуу президент чыкпай калдыгоо кошулсак болот эле.
Кыргыз
Орускулдар жоголгондо оңолобуз. Адахан Мадумаровко рахмат.. тынч эле болсо жакшы болмок.