Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 06:56
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат, - экс-элчи

14.09.2020 13:20
16465
Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат, - экс-элчи


Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу "Правда.ру" порталына Кыргызстандын Россиядагы мурунку элчиси Раимкул Аттакуров билдиргенин Tengrinews.kz. жазды. 


"Тарыхый тагдыр бизди чогуу болууну алдын-ала аныктап койду. Биз көптөгөн кылымдар бою бирге болдук. Биздин жалпы тарыхыбыз жана узак мөөнөттүү келечегибиз бар. Азыр көпчүлүк кыргыздар Россиянын курамына кирүү үчүн Россия Федерациясына кайрылууну ойлоп жатышат", - деген Аттакуров.


Ошондой эле, ал Кыргызстан мурунку Советтер Союзундагы орус тили расмий, конституциялык тил статусуна ээ болгон жалгыз өлкө болуп саналганын кошумчалады. 


"Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинде болушу көптөгөн багыттар боюнча оң таасирин тийгизип жатат. Россияда медицина  дагы жакшыраак, жумуш таап, жакшы маяна алуу мүмкүнчүлүгү жогору", - деди ал. 

Пикирлер (88)

Коопсуздук коду
Айбек
Кудайым сактасын! Бул эмне деген акылсыздык?
Арсланов
Роосия бизди 75жыл бакты культура интилиген жакшы окуларга жашоого уйротуу жаштарга иш берет окушат коркпой урукпой окуп иштеп калышат Башкысы бизде коррупция жайылып жатат депутарга жалан байлар барат Россия депутатардан женилдиктерин машина жардамчылар айлыгын кыскартат олкону казынасы козомолдо болот и вот коррупция жойулат завод фабрикаларды салышат биздин балдарга жакшы чёт олкого чыкпай калышат
Баткен
Ал Россия эмес, СССР деген коммунисттик держава болгон, ал эми азыркы Россия орус эли озу жек коргон коррупционерлер менен миллиардерлердин олкосу. Бул мамлекеттин койнуна кирсен ал кыргызды эки чайнап бир жутат. Кыргызстандын калган байлыгын тоноп, ошол эле Кытайга оной эле жиликтеп, Нарынды, Алайды ж.б. КНРге чектешкен жерлерден баштап, анан бут Кыргызстанды откоруп берет. Саткын экс-элчинин жоолугон созун башынардан чыгарып салгыла. Эртен кыргыздын чыгаан жигиттери бийликке келип Мекенибизди кризистен чыгарат.
Баатыр
Эгемендикти энчилеп өмүрүн берген бизге канча адам. Кандай сонун ыр саптар ушул сөздү айткандар кыргыздарды жыргатпайсыңар өзүңөр чыксаңар чыгып орусиянын жарандыгын ала бергиле КЫРГЫЗСТАНГА тийишпей!
Темиров Жээнбек
Атандын башы
Бусара
Ата Мекенибизди сактайлы!!! Кепе болсо да өз үйүң болсун , Кыргызстаныбыз өзүбүзгө кут болсун!!!